Кыргызстанда элдик кошуундардын ишмердүүлүгүн жөнгө салып, мыйзамдаштыруу үчүн атайын мыйзам долбоору иштелип чыкты. Ал 14-ноябрда Бишкекте өтө турган "тегерек үстөл" талкуусунда каралат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.
Анын авторлорунун бири - Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиевдин кеңешчиси Эрлан Жусупов элдик кошуундарга куралдын эч кандай түрү берилбеши керектиги сунушталып жатканын "Азаттыкка" билдирген болчу. Коомдук талкуудан өткөндөн кийин мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлөт. Курамында 20 миңден ашуун адам бар Элдик кошуундар биримдиги былтыркы апрель окуяларынан кийин түзүлгөн. (RK)