Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү быйыл эки жарым айга кечигүүдө


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү иши быйыл пландан эки жарым айга кечигип жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” аталган эки шаарды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, кеп 1640 үй жөнүндө болуп жатат. Каржы табуу, жергиликтүү бийлик менен курулуш көзөмөлдөөчүлөрдүн макулдугун алуу көпкө узарып кеткенине байланыштуу быйыл кеч калып калган факты бар. Сапатына мүчүлүш боло турган курулуш иштер күн жылыганча убактылуу токтотулат. Ал эми дубалдын үстүн жабуу өңдүү сапатка зыяны жок процесстер жүрө берет.

Былтыркы май, июнь окуяларында жалпысынан 1870 үй күйүп кеткен. Былтыркы жылы эки бөлмөлүү 28 чарчы метр, үч бөлмөлүү 38 чарчы метрдик өткөөл үйлөр бардык жапа чеккен үй-бүлөлөргө берилген. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG