Грецияда жаңы премьер-министрди тандоодо мунаса табылбай жатат. 3 күндөн бери уланып келаткан сүйлөшүүлөр кечээ үзгүлтүккө учурап, бүгүн кайра жанданды. Кечээ өкмөт башчы Георге Папандреу кызматтан кетүү арызын президентке тапшырган.
Жаңы коалициялык өкмөт февралдагы парламенттик шайлоого чейин иштеп турмакчы. Ага Европа биримдиги менен Эл аралык валюта фондунан алынчу карыздын шарттарын ишке ашыруу милдети жүктөлүүдө. Финансылык жардамсыз өлкө банкрот болуп калуу коркунучуна кабылмакчы. 130 миллиард евролук жардам алуу үчүн Афины өкмөтү бюджетти бир топ үнөмдөшү керек. Андай чараларга көпчүлүк гректер каршы.