Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Казак депутаттары парламентти таркатууну сунушташты

Казак парламентинин төмөнкү палатасы – мажлис парламентти таркатуу сунушун президент Нурсултан Назарбаевге жолдоду. Парламент таркатылса, эрте шайлоо өткөрүлүүгө тийиш. Азыр андагы орундардын бардыгын билйиктеги "Нур-Отан" партиясы ээлейт.

Мажлистин депутаты Нуртай Сабильяновдун айтымында, жаңы шайлоо кеминде дагы бир партияга парламент мандаттарын алууга мүмкүнчүлүк бермекчи. Назарбаевге кайрылууга 107 депутаттын 53ү кол койгон. Эмки шайлоо 2012-жылдын августуна пландалган. Буга чейин Казакстандагы бир да шайлоону эл аралык байкоочулар калыс жана эркин деп атаган эмес.
XS
SM
MD
LG