Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:43

Израилдин экс-президенти 7 жыл абакта отурат

Израилдин Жогорку Соту мурдагы президент Моше Кацавдын апелляциялык арызын канааттандырган жок. Ал зордуктоо фактысы боюнча айыпталып, былтыр декабрда 7 жылга түрмөгө кесилген. Окуя Кацав министр болуп турган кезде болгон. Ал эми президент кезинде 2000-2007-жылдар аралыгында дагы эки аялга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталган. 65 жаштагы Кацав 7-декабрдан тарта жаза мөөнөтүн абакта өтөй баштайт.
XS
SM
MD
LG