Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Бүгүн ажылардын алгачкылары Кыргызстанга кайтып келишет


Муфтий Чубак ажы Жалиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Сауд Арабиясына жөнөгөн зыяратчылардын алгачкы тобу Кыргызстанга кайтышат. Ажылыкка биринчилерден болуп сапар тарткан 195 адам учак менен Ошко келип конушат. Маалыматка ылайык, бул жолу зыяратчылар Сауд Арабияда орто эсеп менен 36 күн өткөрүшүүдө. Ажылыкка аттанган акыркы зыяратчылар 2-декабрда Кыргызстанга кайтып келишет. Быйыл 5041 кыргызстандык үчүн виза ачылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG