Орусиянын Федералдык миграция кызматы бир катар маалымат каражаттарына чыккан Орусияга келген тажик мигранттарга ишке орношууга уруксат берүү токтотулду деген маалыматты төгүндөдү. Аталган мекеменин өкүлү Залина Корнилова маалымат каражаттарына чыккан кабарлар чагымчыл мүнөздө деп баалады.
Орусияда тажикстандык мигранттарга катаал чаралар көрүлүшү мүмкүн деген кабар тажик соту орусиялык учкуч Владимир Садовничийди 8 жарым жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгаргандан кийин тараган. Орусиялык учкучка мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн, аткезчилик жана эл аралык учуулардын эрежесин бузган деген айып тагылып, абакка кесилди.
Орусиянын ТИМи тажик сотунун өкүмүн өтө эле катаал жана саясий негизде чыкты деп баалады. Президент Дмитрий Медведев болсо тажик тараптын мындай кадамына Москва жооп берерин эскерткен.