Түркиянын түштүгүндөгү 5.7 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин куткаруучулар урандылардын алдынан адамдарды чыгарууну улантууда. Набыт болгондордун саны 12ге жетти. 30 кишинин өмүрү сакталды, кулаган имараттардын алдында 100гө чамалаш киши бар болгону айтылууда.
Ван шаарында жергиликтүү тургундар менен полиция кагылышты. Жергиликтүү калк өткөн айдагы жер титирөөдө жабыркаган эки мейманкана дароо жабылбаганына нааразы. Шаршембинин кечинде жер силкингенде мейманканалар кулап, ичиндеги адамдар урандынын алдында калган.
23-октябрда Ванда болгон жер титирөөдө 600гө чукул киши мерт болуп, 4 миңден ашуун киши жаракат алып, жүздөгөн адамдар үй-жайсыз калган. Бул аймакта жашаган 3 миңден ашуун этникалык кыргыздардын төртөө көз жумган.