"Түндүкэлектр" ишканасы кардарлар менен келишимде жазылган милдеттер жөнүндө бүгүн кошумча эскертти. Аталган ишкананын кызматынан пайдалануу боюнча келишимде кардарлар эртең мененки саат 7ден 9га чейин жана кечки 7ден 9га чейин электр жылыткычтарын колдонбойбуз деп милдеттенме алышат. Мындай эскертүү соңку күндөрү абанын муздашынан улам көпчүлүк кардарлар үйлөрүн электр жылыткычтары менен жылытып, жалпы системага оор болуп жатканына байланыштуу жасалды. "Түндүк электрдан" "Азаттыкка" кабарлашкандай, бишкектиктерге суткасына 7,2 млн кВт саат каралса, ушул эле өткөн сутка ичинде 12, 5млн. кВт. саат электр энергияны сарпташты. Чүй облусу боюнча электр энергияны сарптоо 10,4 млн. кВт. саат, ал эми Талас областы 1,9 млн. кВт. саат энергияна пайдаланышты. (RK)