Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Полковниктин өлүмүнө шектүүлөр кыйноолорго кабылып жатышканы айтылды


Милициянын полковниги Уран Алиевдин өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткан Азиз Качыбеков жана Бакыт Сыдыков кыйноолорго кабылып жатышат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Бул комитетке алардын адвокаттары кайрылуу жолдошкон. Адвокаттардын айтымында, сурак учурунда күнөөлөнүп жаткандарга карата күч колдонулууда. Депутаттар Баш прокуратурага кайрылып, бул ишти көзөмөлгө алууну тапшырышты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет учурда тергөө абагында жаткан Качыбеков менен Сыдыковдун коопсуздугун камсыз кылууга милдеттендирилди. Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыш иштерине каршы күрөшүү боюнча аймактар аралык башкармалыктын башчысы Уран Алиев 2005-жылдын 5-апрелинде Ош шаарында атылып өлтүрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG