Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:54

Экс-премьер-министр Тимошенко кайра күнөөлөндү


Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко "салык төлөгөн жок", "бюджеттик акчаны уурдады" жана "чет элдик валютадан түшкөн кирешесин жашырды" деп күнөөлөндү. Мамлекеттик салык кызматынын маалымдашынча, мунун баары 1990-жылдары Тимошенко “Украинанын биридиктүү энергосистемасын” жетектеп турганда жасалган.

Тимошенко премьер кезинде бийлик укугун натуура пайдаланып, казынага чоң өлчөмдө зыян келтирди делип, өткөн айда жети жылга кесилген. Экс-премьер сотту президент Януковичтин саясий өч алуусу деп атап, өзү ак экенин айткан.

Евробиримдик эгер Юлия Тимошенко абакта калса, Украина менен Биримдикке ассоциативдүү мүчөлүк жана эркин соода боюнча мерчемделген келишимге кол койбоосу мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG