Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:32

HRW: Сирия өкмөтү "адамзатка каршы кылмыш жасады"


Адам укугун коргоочу "Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюму Сирия өкмөтүн ыңкылапчыл Хомс провинциясында жарандардын канын төгүп, “адамзатка каршы кылмыш жасады” деп күнөөлөдү.

Нью-Йоркто жайгашкан уюм бүгүн жарыялаган билдирүүдө апрелдин ортосунан августтун этегине чейин коопсуздук күчтөрү Хомсто 587 жаранды өлтүргөнү айтылып, Араб лигасын Сирияны мүчөлүктөн чыгарууга үндөлөт.

"Хьюман Райтс Уотч" ошондой эле Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин Сирияга курал сатууга эмбарго жана президент Башар Ассаддын жакын чөйрөлөрүнө каршы санкция жарыялоону, Сирияны эл аралык сотко чакырууну сунуш кылат.

БУУнун эсебинче, марттын ортосунда Ассаддын режимине каршы козголуш башталгандан бери 3, 5 миңден ашуун адам өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG