Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Газниде ооган аялды кызы менен кошо атып кетишти


Ооганстандын чыгышындагы Газни шаарында куралчан адамдар апасы менен кызын “адепсиз иштерди жасады” дешип, өз үйүндө атып кетишти. Бул жөнүндө Газни провинциясынын полиция акими Зилавар Захид билдирди. Коңшуларынын жана атын атабаган ырасмий адамдардын сөзүнчө, аялды жана кызын талиптер өлтүргөн.

Талиптер бийликтен кулатылгандан бери ооган аялдардын укугу бир кыйла жакшырган. Бирок Газни сыяктуу ислам согушчандары күчтүү аймактарда аялдарды кемсинтип-кордоолор кадыресе көрүнүш.

XS
SM
MD
LG