Адам аткезчилиги Кыргызстанда оор кылмыштардын катарына кирди. Бүгүн кол коюлган “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамда ушундай норма каралган. Мурда кылмыштын бул түрү анча оор эмес катары кабыл алынчу. Сотто күнөөсү далилденген кылмышкерлерди 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда. Адам аткезчилиги боюнча расмий статистика Кыргызстанда жокко эсе. Бирок соңку мезгилде бул кылмыш оор социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланууда. (RK)