Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Йеменде аскерлер дагы 11 жарандын өмүрүнө зобун келтирди


Йемендин экинчи чоң шаары Таезде өкмөттүн аскерлердин огунан кеминде 11 киши, анын ичинде үч аял жана бир бала набыт болду. Бул маалыматты дарыгерлер жана күбөлөргө таянып, маалымат булактары кабарлады. Күбөлөрдүн айтымында, президент Салехтин уулу Ахмед баштаган Республикалык гвардиянын аскерлери Таездин ортолук аянтына чогулган калың элге артиллериялык куралдардан аткылашкан. Демонстранттар Салехтин президенттиктен кетишин талап кылышууда. Өлкө борбору Санаада да Салехтин бийлигине каршы миңдеген адамдар көчө жүрүшүн өткөрүшүүдө.

Президент Али Абдулла Салехтин режимине каршы элдик козголуш февралда башталган.

XS
SM
MD
LG