Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Польша: Эгемендик күнү улутчулдар полиция менен мушташты


Жума күнү Польша төбөлсүздүгүнүн 93 жылдыгын белгиледи. Майрамдык жүрүштөр учурунда улутчулдар жана солчулдар менен полициянын кагылышуулары болду. Тирешүүдө 18 адам, анын ичинде сегиз полициячы жарадар болгону ырасмий маалымдалды. Марш учурунда полицияга кол салган 100дөй адам камакка алынды. Маалыматтарга караганда, полиция улутчулдар менен солчулдардын чатагын токтотмок болгондо тирешүү мушташка айланып кеткен. Маршты оңчул уюмдар уюштурган эле. Түрдүү солчул уюмдар удаа эле жүрүшкө чыгып, улутчулдардын маршына жол бербесин мурдатан эскертип жатышкан.

XS
SM
MD
LG