Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 12:42

Кен казган ишканаларга лицензия берүүнүн тартиби өзгөрөт


Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысы Жолчу Жусупов лицензия берүүнүн тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоор президенттин кароосуна жөнөтүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, буга чейин лицензияны Жаратылыш ресурстары министрлиги өзү эле берчү. Эми мыйзамга ылайык, өкмөт чоң кендердин тизмесин түзүп, аларды иштетүүгө сынак жарыяланат. Ал эми калгандары аукционго коюлат.

Кыргызстанда кен казуу тармагын жакшыртуу боюнча өкмөт эксперттик топ түзгөн, топтун иликтөөсү, сунуш-пикирлери келаткан аптада жарыяланмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG