Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев мурунку президент Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери 9-декабрга чейин аяктарын “Азаттыкка” билдирди. Тогуз адамдын үстүнөн козголгон кылмыш иши ушул айдын этегине чейин сотко өтөөрүн маалымдады. Турганбаевдин айтымында, бул кылмыш ишке шектүү деген жети адамга издөө жарыяланган.
2009-жылы мартта Казакстанга барып, кайтып келаткан Медет Садыркуловдун, айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун күйгөн сөөктөрү Бишкектин тоо этегиндеги Кой-Таш айылына жакын жол боюнан табылган.
ИИМ ушул жылдын сентябрь айында Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иштин бети ачылганын жарыялаган. (EBM)