Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Таразда жарылуудан 5 киши өлдү


Казакстандын Тараз шаарында бүгүн курал-жарак саткан дүкөндү талап-тоноо аракети көрүлүп, ок атышуу менен жарылуудан 5 киши өлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги маалымдады.

Ага чейин ок атышуу облус акимиаты жанында, жарылуу Улуттук коопсуздук кызматынын облустук бөлүмүнө жакын жерде болгону кабарланган.

Өткөн аптада Атырау шаарында болгон кош жардыруу үчүн жоопкерчиликти исламчыл топ өзүнө алган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов кыргыз-казак чек арасы жабылбаганын, бирок көзөмөл күчөтүлгөнүн “Азаттыкка” маалымдады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG