Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:44

Тараз: Кол салган адам өзүн өзү жардырып жиберген


Казакстандын Тараз шаарында бүгүн ок атышуу менен жарылуудан 5 киши өлдү. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги жасаган билдирүүдө айтылгандай, белгисиз адам курал-жарак саткан дүкөндү карактап, кайтаруучуну өлтүрүп, 2 автоматты көтөрүп кеткен. Качып бараткан жеринен аны кармоого аракеттенген эки полициячыны атып салган. Курчоого алынганда өзүн өзү жардырып, аны менен кошо МАИ кызматкери окко учту.

Өткөн аптада Атырау шаарында болгон кош жардыруу үчүн жоопкерчиликти исламчыл топ өзүнө алган.

Окуя болгон Жамбыл облусу Кыргызстандын Талас облусу менен чектешет. Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Закир Тиленов кыргыз-казак чек арасы жабылбаганын, бирок көзөмөл күчөтүлгөнүн "Азаттыкка" маалымдады.

XS
SM
MD
LG