Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Кыргызстандын чек ара кызматкерлерине он күн бою өтмө бекеттерде жасалма документтерди аныктоо ыкмаларын үйрөттү. ЕККУнун Бишкек кеңсесинин башчысы Эндрю Тесерьердун билдиришинче, мындай окутуунун аткезчилик, терроризм, кылмыштуу топторго каршы күрөштө мааниси чоң. Бул тууралуу ЕККУнун маалымат кызматы кабарлады. (EBM)