Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:05

Мекеде зыяратчылардын дагы бирөө каза болду


Сауд Арабиясынын Меке шаарындагы ооруканасында Ноокат районунан барган, 1945-жылы туулган Муктаржан Атабаев көз жумду. Бул тууралуу муфтий Чубак ажы Жалилов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, зыяратчы узакка созулган илдеттин айынан кечээ түнү каза болгон. Эми анын сөөгү туугандарынан уруксат алгандан кийин Меке шаарына коюлмакчы.

Буга чейин да Сауд Арабиясында кыргызстандык эки зыяратчы каза болгон. Кыргызстандан ажылыкка кеткен зыяратчылардын акыркы бөлүгү 2-декабрда кайтып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG