Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:52

Жикчил Түштүк Осетияда жаңы лидерди шайлашууда

Грузиянын сепаратисттик жумурияты – Түштүк Осетияда жаңы лидерди шайлап жатышат. Өзүн өзү көз карандысыз өлкө деп жарыялаган аймактын президенттигине 11 киши ат салышууда.

Жумуриятты 10 жыл жетектеп келген Эдурад Кокойты 3-мөөнөткө катыша албайт. Ал Цхинвалинин мэри Алан Котаевди колдосо, Москва чукул кырдаалдар министри Анатолий Бибиловго артыкчылык берет. Бибилов Түштүк Осетиянын Россия менен биригүүсүн жактайт.
Москвадан тышкары аймактын көз карандысыздыгын 5 чакты өлкө тааныган.
XS
SM
MD
LG