Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн экономика жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, өкмөт тоо-кен тармагындагы саясатын оңдоп, татаал кырдаалдарды жөнгө салуу максатында көз карандысыз эксперттерден турган жумуш топ түзгөн. Бул топко мыйзамдардагы алешемдиктерди аныктап, тармакты оңдоп өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоого 30 күн убакыт берилген. Сунуштар ушул жумада берилет.
Кыргызстанда соңку учурда кен казган компаниялар менен жергиликтүү элдин ортосунда араздашуулар көп катталууда. (EBM)
Кыргызстанда соңку учурда кен казган компаниялар менен жергиликтүү элдин ортосунда араздашуулар көп катталууда. (EBM)