Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Жаңы өкмөттүн курамы талкууланат


Бүгүн Бишкекте Коомдук саясат институтунда “Жаңы өкмөт куроонун жолдору” деп аталган талкуу өтөт. Ага эксперттер, депутаттар, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков коалициялык өкмөт, анын формасы тууралуу фракциялар, депутаттар арасында сүйлөшүүлөр, кеңешүүлөр жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирген болчу. Ал конкреттүү чечимдерди кабыл алууга убакыт талап кылынарын кошумчалаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Алмазбек Атамбаевди Кыргызстандын президенти болуп каттаганын 12-ноябрда расмий жарыялады. Эми 30 күндүн ичинде жаңы президент ант берип, кызматка кириши керек, андан кийин кайра жаңы коалициялык өкмөт түзүлмөкчү. (EBM)

XS
SM
MD
LG