Сирия президенти Башар Ассаддын жактоочулары мурда күнү Түркиянын Дамасктагы элчилигинин, Алеппо жана Латакия шаарындагы консулдуктарынын имараттарына күч менен кирүүгө аракеттенишкен.
Ассаддын жактоочулары мындай аракети менен Араб лигасы уюмунун сегиз айдан бери уланып жаткан элдик толкундоонун күч менен басылып жатышынан улам Сириянын аталган уюмдагы мүчөлүгүн токтотуу чечимине нааразылык билдиришкен. Түркия Араб лигасынын мүчөсү эмес, бирок жогорудагы чечимди кубаттаган.
Нааразылык акциясы учурунда Сауд Аравия менен Катардын элчиликтерине да кол салынган.
Түркиянын тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Анкаранын расмий нааразылыгы жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн коргоо талабы айтылган каты Сириянын убактылуу ишенимдүү өкүлүнө тапшырылды.
Түркия ошондой эле кол салгандар табылып, жазага тартылышын талап кылды жана Сириянын жетекчилигин режимге каршы чыккандарга күч колдонууну токтотууга чакырды.