Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Байконурдан бортунда үч космонавт бар кеме көтөрүлдү


Эл аралык Космос станциясына бүгүн 10дон 15 мүнөт өткөндө ийгиликтүү старт алган “Союз” кемесинин бортунда эки орусиялык космонавт жана бир америкалык астронавт бар.

Азыркы учуу быйыл август айында жүк ташуучу "Прогресс" кемеси Байконурдагы космодромдон көтөрүлгөндөн бир аз убакыт өткөндөн кыйрагандан кийин ишке ашырылууда. Бул окуя - Орусиянын космос программасында соңку ондогон жылдар ичи орун алган эң ири кырсык болгон.

Андан улам Эл аралык космос станциясына жаңы космонавттарды жеткирүү иши үзүгүлтүккө учураган. Анткени жыл башында АКШ да космоско кеме учуруу программасын токтоткон эле.

Бүгүнкү учуунун алдында өткөн аптада Орусия Марс планетасын изилдөөчү «Фобос-Грунт» деп аталган станциясын учуруп, бирок ал Жердин орбитасынан чыга албай койду.

Эл аралык Космос станциясына бүгүн кеткен кеменин бортунда орусиялык космонавтар Антон Шкаплеров жана Анатолий Иванишин, америкалык астронавт Даниел Бербанк бар.

XS
SM
MD
LG