Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Йеменде Франциянын үч жараны барымтадан бошотулду


Алар “ал-Каидага” байланышы бар согушкерлер тарабынан акыркы беш айдан бери барымтада кармалып келген. Барымтадан франциялык бир эркектин жана эки аялдын бошотулганы жөнүндө француз президенти Николья Саркози жарыялады.

Ал барымтадагыларды бошотууда жардам бергени үчүн Йеменге коңшу Оман мамлекетинин султанына ыраазычылык билдирди. Бирок барымтадагылар кандайча бошотулганынын чоо-жайын айткан жок. Гуманитардык уюмдун үч кызматкери Йемендин исламчыл согушкерлер активдүү аракеттенген түштүк-чыгышынан май айында уурдалып кетишкен.

Айрым маалыматтарда “ал-Каиданын” мүчөлөрү француздардын бошотулуусу үчүн миллиондогон доллар кун төлөнүшүн талап кылып жатканы айтылган.

Араб дүйнөсүнүн эң жакыр мамлекеттеринин бири болгон Йеменде акыркы он беш жыл ичинде көптөгөн чет элдиктер уурдалган, бирок акыр аягында алардын баары аман-эсен бошотулган.

XS
SM
MD
LG