Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Шайланган президент Атамбаев өкмөт башчылыгына кайтып келди

Кыргызстандын шайланган президенти Алмазбек Атамбаев бүгүнтөн тарта кайрадан премьер-министрлик кызматын уланта баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттөн билдиришти. Атамбаев премьер-министрликке былтыркы парламенттик шайлоодон кийин келген. Быйыл 30-октябрдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылык кызматын убактылуу биринчи орун басары Өмүрбек Бабановго өткөрүп берген. 12-ноябрда Боршайком Атамбаев шайлоодо добуш бергендердин 62,52 пайызынын колдоосуна ээ болгонун айтып, аны жеңүүчү, шайланган президент атады. Инаугурация 12-декабрга чейин өтүшү керек. (RK)
XS
SM
MD
LG