Эртең Бишкекте кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Тузак" документалдуу тасмасы көрсөтүлөт. Ага режиссер өзү, тасмага тартылган жарандар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары катышат. Талкуулануучу маселе - баңгилерге метадон берүүнүн зарылчылыгы барбы же жокпу, чыныда эле бул ыкма баңгилердин проблемасын чече алабы?
"Тузакты" элге көрсөтпөш керек деген талапты жакында бир катар коомдук уюмдар айтып чыгышкан. Алардын пикиринде, тасма бир жактуу болуп калган. Анда адистердин пикири камтылган эмес жана тасманын каармандарына карата терс мамиле байкалат.
Эрнест Абдыжапаров "Азаттыкка" метадон терапиясы тиешелүү талапта жүргүзүлбөгөндүктөн, көптөгөн баңгилер бул адатынан кутулмак түгүл, андан да оор абалга туш болуп жаткандарын айткан болчу.
"Метадонду эртең менен таратып берип коюшат. Андан кийин эч кандай көзөмөл жок. Көбү метадондун артынан димедрол сайынып алышып, кумарлануусун улантып эле жатышат. Бирок кадимки маңзаттардан айырмаланып, метадондон кийин бир ай бою кыйналып, өлгөндөр да бар", - дейт Абдыжапаров.
Метадон терапиясы атайын дары берип, баңгилерди маңзаттан кутултуу үчүн жасалып жатканы айтылып келет. Ага донорлордон көптөгөн суммадагы каражат убактылуу негизде коротулууда. (RK)