Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:50

Бүгүн Кыргызстанда Диабет күнү белгиленип жатат


Бүгүн (14-ноябрда) Дүйнөлүк Диабет күнү белгиленүүдө. Дүйнө жүзүндө бул дарттан ар бир 7 секундда бирден киши көз жумат. Кыргызстанда да кант диабети менен ооругандардын саны жыл сайын миң кишиге көбөйүп, расмий маалыматтар боюнча 33 миңден ашты. Адистер бул сан 3-4 эсеге көп болушу мүмкүн дешет. "Диабетти көзөмөлгө алалы!" деген акциянын уюштуруучулары Кыргызстанда "Кант диабети жөнүндөгү" мыйзам көрсөтмө, декларативдүү мүнөзгө ээ экенин айтышууда. Алардын билдиришинче, аталган мыйзам диабетке чалдыккандардын социалдык-экономикалык укуктарын коргоодо, оорунун алдын алууда толук кандуу таасирин бере албайт. Диабет адамдын эндокриндик системасынын иштешинин бузулушунан пайда болот.(MA/RK)

XS
SM
MD
LG