Түркмөн президенти Гурбангули Бердимухамедов Исламабадга бир күндүк расмий визит менен барды. Пакистан президенти Асиф Али Зардари жана премьер-министр Юсуф Реза Гилани менен жолугушууларда эки тараптуу алакаларды өнүктүрүү тууралуу сөз болмкочу. Пакистан тышкы иштер мекемесинин өкүлү сүйлөшүүлөр чордонунда сооданы өрчүтүү жана энергетика тармагындагы кызматташуу болоорун билдирди. Лидерлер түркмөн газын Ооганстан, Пакистан жана Индияга ташый турган газ куурун жаткыруу долбоорун талкуулашмакчы. 1 миң 680 километрлик түтүктү куруу долбоору бир нече миллиард долларга бааланууда.