Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Тараздагы жардыруулар Кыргызстанды чек арасын бекемдөөгө мажбурлады


Кошуна Казакстандын Тараз шаарындагы жардыруудан соң Кыргызстан чек арасын кайтарууну күчөтүп, террордук коркунучтардын алдын алуу аракетин жасап жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти. Чек арадагы бекеттерде көзөмөл күчөтүлдү. 12-ноябрда Кыргызстандын Талас облусу менен чектеш жайгашкан казакстандык Тараз шаарында террордук чабуулда 7 адам набыт болгон. Анын бешөө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери болушкан. Кылмышка шектүү деп диний экстремист жаран аталууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG