Норвегияда экстремист Андерс Брейвиктин иши боюнча соттук угуу болду. Ал 22-июлда 77 кишинин өмүрүн алып кеткен кыргынды ишке ашырганын моюнга алды, бирок өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтты. 6-февралда өтчү отурумга чейин 32 жаштагы Брейвик абакта кала берет. Соттун айтымында, анын маалымат каражаттары менен сүйлөшүүсү, жакындары менен жолугушуусу жана кат алуусуна киргизилген чектөөлөр акырындап алынып салат. Брейвик курман болгондордун жакындарына кайрылуу ниетин билдирип, бирок сот анын өтүнүчүн четке какты.
22-июлда полициянын кийимин кийип алган Брейвик Ослодо өкмөттүн имараты жанында бомбаны жардырып, 8 киши каза тапкан. Кийин ал жаштардын форуму өтүп жаткан Утойя аралчасына барып, 69 кишини атып салган.
Ал бул кылмышты Норвегия менен Европаны исламдан жана көп маданияттуулуктан сактап калуу үчүн жасаганын айткан.