Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы кызматынан баш тартты


Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев бул кызматынан жана кеңештеги мүчөлүгүнөн баш тартты. Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, Майчиевдин бул туууралуу жазган арызы 21-ноябрда каралат.

Сотторду тандоо кеңешин түзүү демилгеси былтыркы бийлик алмашуудан кийин айтыла баштаган. Анын максаты - Кыргызстанда чыныгы көз каранды эмес, компетенттүү жана таза сот системасын түзүү. Ал быйыл июнь айында түзүлгөн болчу. Жылдын аягына чейин өлкөдө болгон баардык деңгээлдеги судьяларды электен өткөрүп чыкмак.

Бирок өзүнүн курамындагы мүчөлөрдүн жана тандаган айрым талапкерлеринин дарегине коомчулук тарабынан айтылган кескин сындарга жана бир катар нааразылык акцияларга, мыйзамдык келишпестиктерге байланыштуу ишин толук кандуу жүргүзө албай келатат.

Кеңештин биринчи төрагасы да бир-эки ай иштеп, кызматынан өз эрки менен баш тартып кеткен болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG