Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Ооганстан: Талибдер Лоя жырганын делегаттарын коркутууда


"Талибандын" жаңы билдирүүсүндө эгер бул жыйында өлкөдө америкалык аскерий базаларды туруктуу жайгаштыруу жөнүндө чечим жактырыла турган болсо бүткүл оогандык Лоя жырганын катышуучулары “катаал жазаланары” эскертилген.

Төрт күнгө созулуучу жыйын эртең Кабулда ачылууда. Ага жалпысынан эки миңден ашуун адам: уруу аксакалдары, саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Делегаттар АКШ менен өнөктөштүк келишиминин шарттарын, "Талибан" менен тынчтык сүйлөшүүлөрдүн мүмкүнчүлүгүн талкуулашат.

Талибдер болсо дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Лоя жырганы “чет өлкөлүк душмандардын жана алардын өлкө ичиндеги жалданмаларынын ийгиликсиз долбоору” деп атады.

XS
SM
MD
LG