Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Балыкчыда аскердик бөлүктө чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды


Балыкчы шаарында 15-ноябрь, саат 03:20да Коргоо министрлигине караштуу №20636 аскер бөлүгүнүн имаратында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, өрттүн кесепетинен катардагы жоокер, 1992-жылы туулган Айтбек уулу Рахат каза болду. Имараттын чатыры, жыгач дубалдары күйүп кетти. Кырсыктын себеби такталууда.

Соңку бир апта ичинде Балыкчыдагы аскердик бөлүктөрдө ушуну менен үчүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда.

8-ноябрда Чек ара кызматынын №2064 аскер бөлүгүнүн май сактоочу кампасында 400 литр бензин, 220 литр дизел май жана 24м² жыгач тосмо күйгөн. Өрттү өчүрүп жаткан убакта 5 адам денелеринен күйүк алган. Өрттүн себеби тамеки чегүүдөгү этиятсыздык экени аныкталган.

Ошондой эле 13-ноябрда Ак-Суу районунда Чек ара кызматынын №2028 аскер бөлүгүнүн талаа окуу борборунун казармасынын 544м² жыгач устундуу чатыры жана жыгач дубалдары өрттөнгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу экени аныкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG