Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Немис канцлери ашынган улутчулдукка каршы чара көрүлөрүн эскертти


Ангела Меркел тогуз имигранттын жана бир полициячы аялдын өлтүрүлүшүн улут үчүн “шермендечилик” деп атады.

Немис канцлери бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары полиция 2000-2006-жылдардын аралыгында теги түрк сегиз жана грек тамыры бир адамдын өлүмүн нео-нацисттик жана ашынган улутчул экстремисттик топтон көрүп жатканын кабарлагандан кийин айтты.

Ал эми полициячы аял 2007-жылы атылган. Расмий өкүлдөр анын өлүмүнүн артында да банкты тоноп, бомба жардырууларын жасаган ошол эле топ турат деген ишенимде.

Германия канцлери кечээ ашынган улутчулдукка негизделген терроризмге каршы аракеттер күчөтүлөрүн эскертип, мындай кыянатчылыктар өлкөнүн бетине көө жаап жатканын белгиледи.

Соңку кездери Германияда айрым саясатчылар ашынган улутчул Улуттук демократиялык партияны мыйзамсыз деп табууга чакырышууда.

XS
SM
MD
LG