Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Cудья пара алып жаткан жеринен кармалды


Жалал-Абаддын Токтогул райондук сотунун судьясы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) кабарлашты. Соттолуучулардын биринин жазасын жеңилдетүү үчүн анын энесинен судья 15 миң сом талап кылып жаткан. 12-ноябрда болгон окуянын чоо-жайын УКМКнын Тергөө башкармалыгы иликтейт. Учурда судьянын кол тийбестигин алып салуу маселеси каралууда.

Буга чейин да, 23-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы 1 мин доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Бирок анын кол тийбестигин алууга уруксатты Судьялар кеңеши дагы эле бербей жатканы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG