Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

АКШ Сириянын президенти кызматтан чегинүүсү керектигин айтууда


Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест тараткан билдирүүдө айтылат. Ал белгилегендей, АКШ Сириянын обочодо калуусу улам күчөгөн президенти Башар Ассад бийлик жүргүзүүгө легитимдүүлүгүн жоготкондуктан кызматтан чегинүүсү керек деп эсептөөдө:

- Ассаддын режиминин изоляциялануусу тереңдегени, режимге кысым күчөгөнү анык болуп калды. Обама администрациясынын пикири мындай – Ассад өлкөнү башкаруу укугун жоготту жана кызматтан кетүүсү керек. Албетте Ассаддын режими тынч демонстранттарга каршы колдонулуп жаткан кыянатчылыктарды дароо токтотушу абзел.

АКШнын алдында Ассадды кызматтан кетүүгө Би-Би-Сиге курган маегинде иордан падышасы Абдалла чакырган. Ал араб дүйнөсүнүн мындай чакырык жасаган алгачкы лидери. Иордан падышасы жогорудагыдай билдирүүнү Араб лигасы Сириянын уюмдагы мүчөлүгүн токтоткондон кийин жасап отурат.

Араб лигасы Сирия өкмөткө каршы чыккандарды кан төгүү менен басууну токтотуу боюнча макулдашуну аткарганга чейин анын уюмдагы мүчөлүгүн өткөн ишембиде токтоткон. Сирия кечээ бул чечимди АКШнын “азгырыгы” менен жасалган өтө коркунучтуу кадам деп атады.

Бул аралыкта Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери кечээги жыйынында Сирия режиминин дагы 18 өкүлүнө санкция киргизгенин жарыялады. Муну менен Евробиримдиктин каттоого тыюу салган жана активдерин тоңдурган сириялыктар саны 74кө жетти.

Сириянын өзүнөн болсо дүйшөмбүдө дагы ондон ашуун каза тапканы тууралуу маалымат түштү. БУУнун эсебинде, Сирияда элдик толкундоо башталган март айынан бери 3500дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Бийлик өкүлдөрү болсо зордук-зомбулуктар үчүн алар согушкер жана кылмышкер деп атагандарды айыптоодо.

XS
SM
MD
LG