Казак тергөө органдары Таразда колдонулган гранатомет Кыргызстандан келиши мүмкүн деп жоромолдоодо. Жамбыл облусунун тартип коргоо органдары мына ушундай версияны да караштырып жаткандыгын облустук ички иштер департаментинин тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Кожаевге шилтеме жасап, казакстандык TengriNews агенттиги кабарлады.
Марат Кожаев аталган агенттикке “балким гранатомет Кыргызстандан келген. Бирок мен азырынча так ырастай албайм, бул жоромол гана” деп айткан.
Казак тартип коргоо органдары “жихадчы” жана “террорчу” деп мүнөздөгөн Максат Кариев өткөн ишемби күнү Таразда Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин облустук бөлүмүнүн имаратын гранатометтон эки ирет аткан. Акырында өзүн-өзү жардырган Кариевдин ошол күнкү аракетинин натыйжасында жети адам мерт болгон.
Президент Нурсултан Назарбаев кечээги билдирүүсүндө жарандарды террордон коргоону убада кылды.
Тараздагы окуялар Кыргызстанды да чек арада көзөмөлдү күчөтүүгө мажбурлады. УКМКнын өкүлү Нурлан Токталиевдин кечээ “Азаттыкка” билдиргенине караганда, чек арадагы көзөмөл менен катар антитеррордук иш-чаралар да күчөтүлдү.
Таразда атышуу жана жардыруу болгон 12-ноябрь күнү Өзгөн шаарында колго жасалган жардыруучу зат менен шаардын 38 жаштагы тургуну кармалган. (UE)