Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Өкмөттө коопсуздук маселелери талкууланды


Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Террорчулукка жана диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү, тиешелүү күч түзүмдөрүнүн бул багыттагы кызматташтыгын бекемдөө чечими кабыл алынды.

12-ноябрда Кыргызстандын Талас облусу менен чектеш жайгашкан Казакстандын Тараз шаарында террордук чабуулда 7 адам набыт болгон. Анын бешөө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери экени аныкталган. Кылмышка шектүү деп диний экстремист жаран аталууда.

Бул окуядан соң Кыргызстан чек арасын кайтарууну күчөтүп, террордук коркунучтардын алдын алуу аракетин жасап жатат. Чек арадагы бекеттерде көзөмөл күчөтүлдү. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG