Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

Бишкектин айрым райондору электр жарыгысыз калышты


Бүгүн аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкекте 13 трансформатордук көмөкчордон чыңалуусуз турат. Тоголок Молдо, Жибек Жолу, Ленинградская, Белинский көчөлөрүнүн төрт чарчысында электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Түндүк электр" ишканасынан маалымдашты. Ошондой эле “Көлмө” конушу, Айни көчөсүнүн бир бөлүгү электр жарыксыз калды. Оңдоо иштери аяктаса, электр энергиясын берүү түштөн кийин калыбына келээри айтылууда. Бир нече күндөн бери Бишкекте аба ырайы жылуу болуп туруп, кечээ кайрадан кар жааган. Cуукта жылыткыч аппараттарды пайдалануу көбөйгөндүктөн, электр зымдарына күч келип, жарык өчүп калууда. (RK)

XS
SM
MD
LG