Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:26

Атамбаевди президенттикке шайланышы менен АКШ куттуктады


Америка Кошмо Штаттары Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бүгүн тараткан билдирүүдө: "Бул ачык, атаандаштыкта жана тынч өткөн шайлоо Кыргыз Республикасынын элинин мындан ары да демократия жолун улантуусун тастыктайт. Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы менен болгон эки тараптуу мамилелерин улантууга жана бекемдөөгө кызыкдар", - деп айтылат.

Атамбаев 30-октябрда өткөн шайлоодо 62,52 пайыз менен жеңишке ээ болгонун БШК 12-ноябрда расмий жарыялаган. Бүгүн президент Роза Отунбаева жаңы шайланган президенттин кызмат ордуна расмий киришүү күнү катары 1-декабрды белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG