Бишкектин Кара-Жыгач конушунун 21 жаштагы тургуну Атай Абдакапаровго таежеси бир бөйрөгүн кестирип берүүгө макул болду. Бул хирургиялык операцияны баштоого медицина кызматкерлеринин макулдугу алынды. Бирок операцияга талап кылынуучу 35 миң доллар табылбай жатканын билдирип бүгүн "Азаттыкка" Атайдын туугандары кайрылышты.
Атай бөйрөгүнө суук тийгизип алып, дарыланган. Бирок натыйжа болбой, эки бөйрөгү тең иштебей калды. Акча топтолсо Атайдын эки бөйрөгүн тең кесип, таежесинин бир бөйрөгүн коюп беришет. Бул операция Түркияда жасалат.Учурда ал эки күндө бир ооруканага барып, атайын аппарат аркылуу бөйрөк аткаруучу функцияны жасалма жол менен жасатып, канын тазалатып турат. Атасы 1-топтогу майып, апасы иштебейт. Операцияны жасатууга акчалары жок. Ошондуктан Атайдын туугандары жардам сурап элге кайрылышты.
(+996)770785952 (Билайн) топтоо номери жана:
ЗАО « Демир Кыргыз Интернэшлн Банк»
KGS счет 1180000035213836
USD счет 1180000035213937
EUR счет 1180000035214038 эсептери аркылуу жардам көрсөтүүгө болот.
(RK)