Кылмышка шектелген адамдарга карата кыйноо фактылары боюнча быйылкы жылдын алгачкы 9 айында 6 күч кызматкери сот жообуна тартылды.
Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Прокуратура кызматкерлери райондук милицияда, тергөө абактарында кармалып жаткандардын укуктарынын сакталышы, аларга карата кыйноолордун болбошу үчүн ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышканы айтылды.
Тергөөчүлөрдүн кызматтык бөлмөлөрүнө айттырбай кирип барып, даттануулар жазылчу китепчелерин текшерип, камактагылар менен сүйлөшүүнү прокурорлор улантышууда. Кыйноолор боюнча 35 кылмыш иши козголуп, алардын 15и сотко өткөн. Үч иш боюнча чечим чыгып, 6 адам соттолду.
Кыйноолор Кыргызстандын жабык жайларында, айрыкча тергөө абактарында орун алган кылмыштын негизги түрү экенин укук коргоочулар айтып келатышат. (RK)