Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Сирияда өкмөткө каршы демонстрацияларда 70 адам набыт болду


Бул тууралуу кабарлаган оппозициялык активисттердин айтымында, өлгөндөрдүн 34ү – коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери. Кечээги окуяда аскерлерге өлкөнүн түштүгүндө куралчан дезертирлер кол салганы айтылууда.

Бириккен улуттар уюму бул өлкөдө президент Башар ал-Ассаддын режимине каршы толкун башталгандан бери 3500 адам өлгөнүн кабарлады.

Кечээ арап өлкөлөрүнүн ичинде алгачкылардан болуп Иорданиянын падышасы Абдулла президент Ассадды кызматтан кетүүгө чакырды.

"Эгер мен Ассаддын оордунда болсом, кызматтан кетмекмин, - деди Иорданиянын падышасы кечээ ВВС дүйнөлүк кызматы менен маегинде. - Эгер мен анын оордунда болсом, өзүмдөн кийин келчү адам азыркы түзүлгөн кырдаалды өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү болушун камсыздаганга аракет кылмакмын. Бирок азыркы системага ага жол бербейт. Ошондуктан, эгерде Башар өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын ойлосо, азыр кызматтан кетип, Сириянын саясий турмушунда жаңы этапты баштоого жол ачып бериши керек".

Бир нече күн мурдараак Арап лигасы Сирияны “зомбулукту токтото албаганы үчүн лигага мүчөлүгүн убактылуу токтотуп жатканын” билдирген.

XS
SM
MD
LG