Полиция акциянын катышуучуларынын Дзукотти паркындагы чатырларын “убактылуу жыйдыртып”, муну “аймак булганып, кооптуу жерге айланып баратканы” менен түшүндүрдү. Акциянын катышуучулары: "Биз элдин 99% түзөбүз!", - деп кыйкырып турушту.
Капитализмдин азыркы моделине каршы чыккандар кирешенин көпчүлүк бөлүгү корпорацияларга жана байларга гана тийип жатат деп, сентябрда Нью-Йорктун финансылык районуна жакын жерде нааразылык акциясын башташкан. Алардын бул кыймылы өлкөнүн бир топ штаттарында жана башка мамлекеттерде ушундай эле иш-чаралардын башталышына түркү болду.