Азербайжандын баш калаасында мэриянын жанына оппозициялык партиялардын жаштар канаттарынын өкүлдөрү чогулушкан. Алар азери бийликтери борбор калаада митинг-пикеттерди өткөрүүгө уруксат бербей жатышканына нааразылык билдиргени, 2-апрелдеги митингде камалгандарды бошотуу талабы менен чогулушкан эле.
Жаштар акцияны Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча мекемесинин башчысы Кэтрин Эштондун Азербайжанга сапары башталган күнгө туштап өткөрмөкчү болушкан.
Бирок полиция “бул митингге уруксат берилген эмес” деп, аларды күч менен таркатып, айрымдарын кармап кетти. Азербайжанда бийликтер 4 жылдан бери Бакыда митинг өткөрүүгө уруксат бербей, оппозицияга бул үчүн шаардын четки райондорун сунуш кылып келатат.