Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Орусия бүгүн тажик мигранттарын мекенине депортациялай баштады


Тажикстандын миграция кызматынан кабарлашкандай, “миграциялык эрежелерди бузган” деп 11 тажик жараны бүгүн Орусиядан чыгарылды. Соңку күндөрү Орусияда 300 тажик жараны кармалган. Өткөн аптада Тажикстанда сот орус улутундагы эки учкучту сегиз жарым жылга түрмөгө кескенден кийин, орус бийликтери тажик мигранттарына каршы аракеттерди башташкан.

Тажикстанда түрмөгө кесилген учкучтардын бири Орусиянын, экинчиси Эстониянын жараны. Алар быйыл мартта Ооганстандан Москвага учуп бараткан жерде май куйдуруш үчүн Тажикстанга конгондо кармалышкан. Аларды сот “аткезчилик, мамлекеттик чек араны бузгандык жана эл аралык авиация эрежелерин бузгандык” деген айыптар боюнча күнөөлүү деп тапкан.

XS
SM
MD
LG